БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды

БШК Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алуу боюнча референдумдун расмий жыйынтыгын чыгарды. Белгилүү болгондой, бардык 54 аймактык шайлоо комиссияларынан протоколдор кабыл алынып, бекитилди.

 

Негизги мыйзамдын жаңыланган редакциясын кабыл алууга 79 пайыз добуш берсе, 13,7 пайыз каршы чыкты. Шайлоого катышкандардын көрсөткүчү – 36,6 пайызды түздү. Эске салсак, референдум жергиликтүү шайлоолор менен бир күндө 11-апрелде өткөн.