Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленди.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, өлкө башчы отставкага кеткенден
кийин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 3 айдын ичинде өтүшү керек. Анын мөөнөтүн
парламент жарыялашы керек болчу. Бирок, бул маселе боюнча Жогорку Кеңеш бир жуманын
аралыгында чечим кабыл албаса, президенттик шайлоо расмий түрдө бекитилет.
Андан кийин 2 жуманын ичинде шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн мөөнөтүн жарыялайт.