Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек

Кыргызстандын аба каттамдар боюнча сунушуна Россия жооп бере элек. Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдиргендей,  1-августтан тартып учак каттамын жандантуу сунушу июлда жөнөтүлгөн.

 

Россия өкмөтүнөн абалды талдагандан кийин жооп бере турганын билдиришкен. Пандемияга байланыштуу мартан бери Кыргызстан башка мамлекеттер менен аба каттамдарын токтоткон. Чет мамлекеттердеги мекендештер чартердик рейстерде ташылууда.

 

7-августта Түркия жана Бириккен Араб Эмирлиги менен аба каттамдары жанданган.