Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү: бүгүн Кыргызстан боюнча аба-ырайы бузулуп, өлкө аймагында температура кескин төмөндөйт. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 30-ноябрга чейин кар жаайт.

 

Мындай туруксуз аба-ырайы коммуналдык кызматтардын ишине тоскоолдук жаратып, унаа кыймылын татаалдантат.