Бишкекке кыш 1 эле күнгө кайтып келди

Бишкекке кыш 1 эле күнгө кайтып келди. Тынчызданбагыла, — дешет синоптиктер. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, ордо калаада кар бүгүн кечкиге чейин жаайт.

 

Эртең -4 градуска дейре суук болушу күтүлөт, бирок үшүк көпкө кармалбайт, түштөн кийин эле термометр мамычалары + белгисин көрсөтө баштайт. Эс алуу күндөрү 20 градуска чейин жылуу болот. Ага чейин жылуу жууркан жамынып, үйдөн чыкпай отурууну мэрия сунуштайт.