Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылында жаңы мектеп курулат

Бакай-Ата районунун Биринчи Май айылында жаңы мектеп курулат. Мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылгандай, тендерди Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады.

 

Мектепти курууга 100 миллион сомдон ашык жумшалат. Имарат 275 окуучуга чакталып, 4 блоктон турат.

 

Андан тышкары, аткаруучу компания от жагуучу бөлмөнү, чоң көлөмдөгү суу сактагычты, тышкы тармактарды өткөрүп жана башка иштерди аткарууга милдеттендирилет.