Ушул айдын аягына чейин өлкөдө күтүлгөн аба-ырайы тууралуу синоптиктер маалымат таратат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, республиканын түндүгүндө
күндүз температура -3төн +10го чейин жогоруласа, түнкүсүн термометр мамычалары -13кө чейин түшөт.
Ал эми өлкөнүн түштүк облустарында температура күндүз +11ге чейин жогорулашы күтүлөт,
түнкүсүн -7ге чейин төмөндөйт. Синоптиктер алдын-ала белгилешкендей жаан-чачын нормадан арбын болот.