Синоптиктерден шашылыш билдирүү. 4-ноябрдан 8-ноябрга чейин өлкөнүн басымдуу аймагында кескин суук болуп, кар, жаан жаайт.
Тоолуу райондордогу жолдордо кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. 4-5-6-ноябрда катуу шамал болуп, ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетиши мүмкүн.
Аба-ырайынын мындай шарттары транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.