Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 13-январдан 16сына чейин
күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун
68-100-чакырым аралыгында, Красная Горка – Ак-Таш трассасынын 4-чакырымына
чейин кар массасы түшүп, жолдор тайгак болуп, муз тоңушу күтүлөт. Андыктан,
айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактап,
тайгакка каршы шаймандарын алы жүрүшү керек