“Социалдык келишим” 9,5 миң адам менен түзүлдү

“Социалдык келишим” 9,5 миң адам менен түзүлдү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, быйыл жалпысынан программа менен 10 миң адам камтылат деп пландалган. 100 миң сомдон ала тургандарды тандоо эки айлампа менен өтөт.

 

Биринчиси айыл өкмөттөрдүн деңгээлинде болсо, андан кийин акимдин орун басары жетектеген комиссия корутунду чыгарат.

 

Эске салсак, “Социалдык келишим” долбоорунун алкагында аз камсыздалган үй-бүлөлөргө жакырчылыктан чыгуу үчүн 100 миң сомдон берилет.