Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир сааттын аралыгында күн күркүрөп, катуу шамал болушу ыктымал. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти.
Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет. Буга байланыштуу министрлик жарандарды этият болууга чакырат. Унааларды бак-дарактардын алдына токтотпой, жеңил конструкциялардын жанынан өтпөш керек, — дешет куткаруучулар.