Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жарандардын жоголгон документтери акысыз калыбына келтирилет

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакта жарандардын жоголгон документтери акысыз калыбына келтирилет.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев билдирди. Буга байланыштуу

атайын жумушчу топ түзүлдү, алар муктаж жарандардын тизмесин тактап жатат. Иштер жергиликтүү

бийлик өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлөт. Белгилеп кетсек, кыргыз-тажик чек арасында

чыккан чыр-чатакта үй-жайын таштап, коопсуз жайга көчүрүлгөндөрдүн саны дээрлик 45 миң адамды түзөт.