Социалдык өнүктүрүү министрлигинде жаңы чалуу борбору түзүлдү.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, социалдык коргоо боюнча
“117” маалыматтык-сурап билүү линиясы түзүлдү. Райондук жана шаардык башкармалыктын
кызматкерлери турмуштук оор кырдаалга, гендердик жана үй-бүлөлүк
зомбулукка кабылган жарандарга кеп-кеңеш беришет. Чалуу акысыз.