Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү эки өлкөнүн чек арасынан жүк алып өтүү маселесин талдашат

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөт мүчөлөрү эки өлкөнүн

чек арасынан жүк алып өтүү маселесин талдашат.

Жолугушуу Алматы шаарына 30-31-январь күндөрү өтөт.

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди.

Жыл жаңыргандан көп өтпөй, Казакстан Кыргызстандан кирип жаткан жүккө кошумча

талап койгондуктан бул өткөрмө бекетинде жүк ташуучу унаалардын тыгыны жаралууда.

Казак тараптын чек ара аркылуу товар жана жүк алып өтүүдөгү кошумча текшерүү киргизиши

ЕАЭБдин нормаларына каршы келет. Ал эми Казакстандын Киреше боюнча мамлекеттик

комитетинин расмий өкүлү Олжас Отар басылган пломбалары бузулбаган жана

документтери туура жүк ташуучулар чек арадан тоскоолдуксуз эле өтүп жатканын маалымдады.