“Сосновка” көзөмөл өткөрүү түйүнү унаанын бардык түрү үчүн кыймылга жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүн Бишкек – Ош унаа жолунун
Жайыл районуна тиешелүү тилкесинин 120-чакырымына кар көчкү түштү. Жерине
тазалоо иштерин жүргузүү үчүн атайын техника жана куткаруучулар тартылды.
Кар көчкүнүн көлөмү такталууда.