“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей,
мындай чара аба-ырайынын кескин начарлашынан жана трассаны каптаган тумандан улам кабыл алынды.
Оор жүк ташуучу унааларга болгон чектөөлөр кеминде таңга чейин созулат. Эгер аба-ырайы
жакшырбаса тыюу салуулар узартылат. Кошумчаласак, жеңил унаалардын өтүшүнө чектөөлөр жок.