Бишкек – Ош унаа жолундагы Маданият – Жалал-Абад тилкесин куруу иштери уланууда

Бишкек – Ош унаа жолундагы Маданият – Жалал-Абад тилкесин куруу иштери уланууда.

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, иштер Ноокен районуна тиешелүү

аймакта жүрүп жатат. Учурда жолдун 43 чакырымына бир катмарлуу жана 13 чакырымына

эки катмарлуу асфальт төшөлдү. Муну менен катар Маданият – Жалал-Абад тилкесине

200гө жакын түтүк орнотулуп, 9 көпүрө калыбына келтирилет.

Долбоордун алкагында жалпысынан 67 чакырым жол оңдолот.