Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 8 миллиард кубга түштү.
“Улуттук энегохолдингдин” сайтындагы маалыматка караганда, учурда суунун
агып кириши чыгымдан 2 эсе көп болууда. Салыштырмалуу айта турган болсок,
былтыр ушул эле мөөнөттө башкы резервуардагы көрсөткүч быйылкыдан дээрлик
1,5 миллиард кубга көп болчу. Ал эми 2020-жылы мартта суунун көлөмү
12 миллиардга теңелген. Учурда андан 4 миллиард кубга төмөн. Адистер
белгилешкендей, суунун азайышы вегетациялык мезгилде мөңгүлөрдүн
аз эрип, жаан-чачындын көлөмү аз болгонуна жана керектөөнүн
өлчөмү өскөнүнө байланыштуу.