Түндүк кореялыктарга 11 күн бою күлгөнгө дагы болбойт

Түндүк Кореяда бардык жарандарга 11 күн бою күлгөнгө, туулган күндөрдү белгилөөгө жана спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынат. Жергиликтүү бийлик мурдагы лидер Ким Чен Ирди эскерүүгө байланыштуу аза күтүү жарыялады.

 

Андан тышкары, түндүк кореялыктарга маанайы жакшы экенин көрсөтүүгө болбойт. Ал эми 17-декабрда, мурдагы лидер каза болгон күнү жарандарга жадакалса дүкөнгө барууга тыюу салынат.