Португалияда футбол жылдызы Криштиану Роналдунун үйүн тоноп кетишти

Португалияда футбол жылдызы Криштиану Роналдунун үйүн тоноп кетишти. Окуя 7-октябрда катталды, бул күнү футболчу курама үчүн ойноп жаткан. Кылмышкер Мадейру аралындагы кымбат хан сарайга гараж аркылуу кире алды.

 

Кызыгы, ал биринчи кезекте Роналдунун колу коюлган футбол формасын ала чыккан. Андан башка келтирилген зыян такталып жатат. Камералар аркылуу кылмышкер аныкталды, бирок азырынча кармала элек.