Түркия баткендиктерге жеңил конструкциялардагы үйлөрдү тапшырат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын жетекчиси Ырыспек Жолдошбаевдин айтымында, үйлөр жылуулатылган, аларда жайында дагы, кышында дагы жашаса болот.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда 220 объект жабыркады, анын 138и турак-жайлар.
Кайра калыбына келтирүү иштеринин алкагында бардык имараттар түрттүрүлдү. Учурда жеке компаниялар социалдык объектилерди курууда, ал эми үйлөрдү салууга түркия тарап жардам берип жатат.