Аз камсыздалган үй-бүлөлөр өсүмдүк майы жана кумшекерди төмөндөтүлгөн баада алышат.
Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов билдирди. Анын айтымында, аталган азыктар
300 тоннадан ашык көлөмдө Россиядан импорттолду. Май жана кумшекерди жакынкы аралыкта
сатууга чыгаруу пландалууда. Өкмөт башчы белгилегендей, мындай чаралар
азык-түлүктүн баасынын кымбатташын токтотууга жардам берет.