Түркияга жардам эсебине 100 млн. сомдон ашык каражат чогулду

Түркияда жер титирөөдөн жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 100 млн. 559 400 сом, 18 250 рубль жана 65,67 доллар түштү.

Бул тууралуу Кыргызстандын Финансы министрлиги сайтына жарыялады.

 

Жабыркагандар үчүн министрликтин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алат. Андан сырткары, Кыргызстанда өз алдынча акчалай жана гуманитардык жардам чогулткандар бар.

Түркиянын зилзала болгон аймактарындагы куткаруу иштерине Кыргызстандан 200гө жакын куткаруучу жана алты дарыгер барып, 21-февралда кайтып келишти. Алар Түркиянын зилзаладан катуу жабыр тарткан Кахраманмараш жана Хатай провинцияларында иштешти. Жалпысынан уранды алдында калган сегиз адамды аман куткарып, 182 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

 

6-февралда Түркия менен Сирия чектешкен аймакта күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөөдөн каза болгондордун жалпы саны 50 миңден ашты, жараат алгандар 115 миңдин тегерегинде.

 

11-февралда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) зилзаладан 26 миллиондой киши жабыр тартканын билдирген. БУУнун саламаттык сактоо мекемеси кырсыктан жабыркагандарга өтө зарыл жардамды уюштуруу үчүн тез арада 42,8 миллион доллар бөлүүгө чакырган. Уюм 15 миллион киши Түркияда жардамга муктаж болсо, согуштан талкаланган Сирияда 11 миллиондой адам башкалкасыз калганын билдирген.

Жер титирөө 20-февралдын кечинде кайталанып, анда да каза тапкандар, жараат алгандар катталды.