Түркиянын түштүгүндөгү Анталья шаарына 29 жылдан бери алгачкы ирет кар жаады.
Report басылмасынын маалыматына караганда, Антальяда акыркы ирет мындай калың
кар массасы 1993-жылы 7-январда катталган. Анда калыңдыгы 5 сантиметрге жеткен.
Белгилеп кетсек, Түркиянын бир катар шаары кар алдында калды. Каттуу жааган
кар өлкөнүн көпчүлүк шаарларында, Стамдулда дагы транспорт жана
аба каттамдарын үзгүлтүккө учуратты.