Түркмөнстан Голливуд каармандары түшүрүлгөн кийимдерге тыюу салды

Түркмөнстандын Балкан облусундагы бала бакчаларда «Голливуд» жана «Дисней» мультфильмдеринин каармандары түшүрүлгөн кийимдерди кийүүгө тыюу салынды. Ошондой эле аймактагы дүкөндөргө чет элдик тасмалардын каармандарынан жасалган куурчактарды сатууга болбойт. Бала бакчалардын тарбиялануучулары эми окшош форма кийип жүрүүгө милдеттүү.

 

Мындай эреже кеминде төрт бала бакчада киргизилгени маалым болду. Ата-энелердин айтымында бала бакчалардын жетекчиликтери жергиликтүү ишканалар гана тиккен формаларды кийүүнү талап кылып жатышат.

 

Түркмөн бийлиги эки жума мурда түркмөн аялдарынын сырткы келбетине көзөмөлдү күчөткөн.

 

11-апрелден тарта түркмөнстандык журналисттер, оболу кыз-келиндерге чачын боёого, чачын кыска кырктырууга, маникюр, ботокс жасоого тыюу салынганын жазып чыккан. Көп өтпөй аялдардын кийим-кечелерине да талап күч алды.Буга чейин мугалимдер, билим берүү кызматкерлери жана медик аялдар жеңи узун көйнөк кийип, жоолук салынып жүрүүгө милдеттендирилген.