Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында кечкиге чейин жарык жок болот. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, саат 5ке чейин электр энергиясы Курманжан Датка, Тимирязев көчөлөрүндө, Арча-Бешик конушунда жана Кара-Жыгач, Кызыл-Туу, Александровка, Биринчи Май, Киргшелк айылдарында өчүрүлдү.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.