Кыргызстанда бүгүнкү күндө 132 гана бала бакча иштеп жатат

Кыргызстанда бүгүнкү күндө 132 гана бала бакча иштеп жатат. Анын 11и мамлекеттик болсо, калгандары жеке менчик бакчалар. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Бишкек тууралуу айта турган болсок, жеке менчик бала бакчанын ичинен 39у ачык.

 

Андан тышкары, эки мамлекеттик бакча иштеп жатат. Анын бири Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу болсо, экинчиси президент менен өкмөттүн алдындагы ведомстволук бакча. Алар Санэпидемкөзөмөл департаментинин жергиликтүү башкармалыгынын уруксаты менен ачылып, иштеп жатат, — дешти ведомстводон.