Кыргызстан мектептериндеги окуучуларга тамактануу уюштурулат

Кыргызстан мектептериндеги окуучуларга тамактануу уюштурулат. Тиешелүү мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамдын максаты билим берүү уюмдарынын окуучуларынын тамактануусун меню боюнча уюштуруу, алардын жаш курагына дал келген азык жана энергетикалык заттар, сарамжалдуу жана балансташкан тамактануу шарттарды түзүү болуп саналат.

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес

Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды деп 24 агенттиги билдирет. Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылындагы мектептердин жылуулук берүү тармактары жараксыз. Мындай бүтүмдү Мамлекеттик экотехинспекциясы чыгарды. Андыктан окуучулар кыш мезгилин жылуулуксуз өткөрүп калышы ыктымал. Белгилеп кетсек, бир мектепте 500,… Кененирээк…

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат

Кыргызстанда окуучулардын кышкы эс алуусу 12 күнгө созулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кышкы каникул 30-декабрдан 10-январга чейин созулат. Белгилеп кетсек, 11-12-январь эс алуу күндөрү болгондуктан, окуучулар 13-январда мектепке кайтышат.