Нарындагы Ак-Талаа районунда 2 мектеп жылуулук мезгилине даяр эмес.
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда айтылды деп 24 агенттиги билдирет.
Маалыматка караганда, Жерге-Тал айылындагы
мектептердин жылуулук берүү тармактары жараксыз.
Мындай бүтүмдү Мамлекеттик экотехинспекциясы чыгарды.
Андыктан окуучулар кыш мезгилин жылуулуксуз өткөрүп калышы ыктымал.
Белгилеп кетсек, бир мектепте 500, экинчисинде 100дөн ашык бала окуйт.