Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди

Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана үчүн жеке ишкер чет өлкөдөн асыл тукум 64 уй сатып алды. Аларды тейлеген сүт комплекси курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылды. Учурда уйлар Кыргызстандын шартына ыңгайлашып, суткасына ар бири 20 литрден… Кененирээк…

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды. Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди. Цехтеги тигилген кийимдер коңшу өлкөлөргө жана Россияга экспорттолот.

Өлкөдө джинсы кийимдерин өндүргөн алгачкы ишкана ачылды

Өлкөдө джинсы кийимдерин өндүргөн алгачкы ишкана ачылды. АКШ элчилигинен билдиришкендей, фабрикага эл аралык уюмдардын бири дээрлик 8,5 миллион сомдук заманбап жабдуу тапшырды. Техника джинсы шымдарды жасоо, жуу, кургатуу жана үтүктөө үчүн колдонулат. Өз кезегинде ишкана курулуш иштерине жана кошумча тигүү жабдууларына инвестиция салган. Бул —… Кененирээк…

Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды

Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды. Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан ишке кирди. Цех брусчатка сатып алчу каражатты үнөмдөө жана шаар көчөлөрүнө сапаттуу брусчатка басуу максатында пайдаланууга берилди. Аны ишке киргизүү жана керектүү каражаттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом… Кененирээк…

Кыргызстандын балы экспортто суроо-талапка ээ болууда

Кыргызстандын балы экспортто суроо-талапка ээ болууда. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, былтыр өлкөдөгү кургакчылыкка карабастан, 2 миң 400 тоннадай бал өндүрүлүп, анын 450 тоннага жакыны экспорттолгон. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2021-жылдын аягына карата Кыргызстанда 150 миңдей бал челек бар. Бул андан мурунку жылга салыштырмалуу дээрлик… Кененирээк…

Өзбекстан инсулин өндүрүү боюнча дагы бир завод курууну пландоодо

Өзбекстандын өкмөтү өлкөдө инсулин өндүрө турган дагы бир ири завод куруу планы бар экенин билдирди. Ташкент облустук акимчилигинин маалыматына караганда, инсулин өндүрүү боюнча долбоорду Өзбекстандын ZUMA-PHARMA жана Россиянын «Герофарм» компаниялары биргеликте ишке ашырууда. Февраль айында Өзбекстандын инвестициялар жана тышкы соода министрлиги менен Россиянын биотехнологиялык «Герофарм»… Кененирээк…