Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды

Жалал-Абадда брусчатка чыгарган цех ачылды.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, ишкана Коммуналдык чарба жана көрктөндүрүү департаменти тарабынан ишке кирди.

Цех брусчатка сатып алчу каражатты үнөмдөө жана шаар көчөлөрүнө сапаттуу брусчатка басуу максатында пайдаланууга берилди.

Аны ишке киргизүү жана керектүү каражаттарды сатып алууга жергиликтүү бюджеттен 2 миллион сом бөлүнгөн.