Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды

Ноокатта 50 орундуу тигүү цехи ачылды.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Кыргыз-Ата айыл өкмөтүндөгү ишкана ички инвестор тарабынан пайдаланууга берилди.

Цехтеги тигилген кийимдер коңшу өлкөлөргө жана Россияга экспорттолот.