Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди

Нарында сүт продукцияларын өндүргөн завод ишке кирди

Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана үчүн жеке ишкер чет өлкөдөн асыл тукум 64 уй сатып алды.

Аларды тейлеген сүт комплекси курулуп, заманбап жабдуулар менен жабдылды.

Учурда уйлар Кыргызстандын шартына ыңгайлашып, суткасына ар бири 20 литрден сүт берүүдө.

Өндүрүштү ишке киргизүүдө кыргыз-орус өнүктүрүү фонду каржылык жардам көрсөттү.