Дүйнөдөгү эң ылдам камера Канадада жасалды

Дүйнөдөгү эң ылдам камера Канадада жасалды. Ал секундасына 156 триллион кадр тартууга жөндөмдүү.

 

Аппарат жаңы оптикалык технологияга негизделген, ал бир ультра тез лазердик импульстун жардамы менен жүздөн ашык кадр алууга мүмкүндүк берет.

 

Камера илимпоздорго фемтосекундда – секунданын квадриллиондон бир бөлүгүндө болгон кубулуштарды жазууга мүмкүндүк берет. Технологияны компьютердик эс тутумдун жаңы технологияларын түзүүдөн баштап УЗИ менен дарылоо ыкмаларына чейинки ар кандай тармактарда колдонсо болот.