Дубайдагы нөшөрлөгөн жаан-чачын аймактын тарыхтагы эң катуу жаан деп табылды. Дренаждык системанын жоктугунан шаар көчөлөрүн, метро тармагын, үйлөрдү жана соода борборлорду суу каптады. Дубайдын аэропортунда учуп-конуу тилкеси суу алдында калгандыктан, 40тан ашык каттам жокко чыгарылды.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, Дубайда 150 миллиметр жаан жаады.
Жеринде кооптуулуктун “саргылт” деңгээли жарыяланды. Мектептер жабылып, мамлекеттик кызматкерлер аралыктан иштөөгө өттү.