Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда

Россиянын Оренбург шаарында суу ташкындан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар жоктугу такталууда. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчиликке жардам сурап кайрылгандар болгон жок.   Алдын ала маалымат боюнча, суу каптоодон жабыркаган кыргызстандыктар каттала элек.   Эске салсак, 12-апрелде Урал дарыясында суунун деңгээли 11,5 метрге чейин көтөрүлгөн. 12… Кененирээк…

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды

Эң жогорку пенсиясы менен өлкөлөр аталды. Биринчи орунда Испания турат. Бул жерде улгайган жарандарга мамлекет тарабынан 3 миң 800 доллар берилет. Экинчи орунда АКШ 3 миң 600 доллар пенсиясы менен жайгашат.   Лидерлердин үчилтигин Германия бекитет, бул өлкөдө эң жогорку пенсия 2 миң 600 долларга… Кененирээк…

Илон Маск Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо

Америкалык миллиардер Илон Маск жакынкы жылдары Марска бир миллионго жакын адам жөнөтүүнү пландоодо. Ал өзүнүн мындай ою менен Space Xдеги иш-чарада бөлүштү.   Маск ошондой эле Кызыл планетага бир нече миллион тонна жүк жөнөтүүнү да каалайт. Операцияга жардам бере турган ракетаны сыноо жана модернизациялоо иштери… Кененирээк…

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты

Иракта аял Барбиге окшош болуу үчүн 43 жолу пластикалык операция жасатты.   Аял социалдык тармактардагы баракчаларын активдүү колдонот, анын миллионго жакын катталуучусу бар.   Алардын көбү анын сырткы келбетине суктанып, чындап эле куурчакка окшошуп калганын жазышууда. Бирок, сүрөттүн астында сын-пикирлер да бар.

УЕФА Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн

УЕФА быйыл өтүүчү футбол боюнча Европа чемпионатынын жобосун өзгөртүшү мүмкүн.   Биримдик оюнчулардын максималдуу санын көбөйтүү боюнча сунушту кароого даяр. Алсак, улуттук командаларда 23төн 26 адамга чейин кеңейтилиши мүмкүн. Акыркы чечим 8-апрелде бардык командалардын катышуусунда өтө турган конгрессте кабыл алынат.   Эске салсак, футбол боюнча… Кененирээк…

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн

Японияда Сато деген бир гана фамилия калышы мүмкүн. Окумуштуулар мындай тыянакка математикалык моделдөө иштерин жүргүзгөндөн кийин келишти.   Белгилеп кетсек, аталган мамлекеттеги мыйзам боюнча аял күйөөсүнүн фамилиясын алууга милдеттүү. Ошол эле учурда, Сато фамилиясы өлкөдө кеңири таралган, калктын болжол менен 1,5 пайызы аны алып жүрөт.… Кененирээк…

Нигерияда блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн

Нигерияда 18 миң катталуучусу бар блогер товарга терс сын-пикир жазганы үчүн түрмөгө кесилиши мүмкүн. Ал өзүнүн постторунун биринде томат пюресинин сүрөтүн бөлүшүп, аны “кант эле даамданат” деп баалаган.   Өндүрүүчү блогерди продукт өтө таттуу экенин айтып, бизнеске зыян келтирди деген негизде сотко берди.   Айыпкер… Кененирээк…

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат

Тарыхта биринчи жолу Сауд Аравиянын жараны «Аалам сулуусу» сынагына катышат. Ислам өлкөсүн 27 жаштагы модель жана блогер Руми ал-Кахтани таанытат.   Ал Эр-Риядда төрөлгөн, учурда социалдык тармакта миллион катталуучусу бар.   Эске салсак, быйыл «Аалам сулуусу» сынагы сентябрь айында Мексикада өтөт.

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү

Лионель Мессинин баасы 5 миллион еврого төмөндөдү. Бул Transfermarkt порталы футболчуларга баа бергенден кийин белгилүү болду.   Футболчунун баасы учурда 30 миллион евро. Баасынын төмөндөшүнө карабастан, “Интер Майамиде” ойногон Месси Америка лигасынын эң кымбат оюнчусу бойдон калууда.   Эң кымбат MLS футболчуларынын тизмесинде экинчи орунду… Кененирээк…

«Крокус Ситидеги» кол салуудан каза болгондор 139га жетти

Москвадагы террордук чабуулдан кийин каза болгондор 139ка жетти. Бул тууралуу «Азаттык» Россиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкинге таянып жазды.. Анын айтымында, соңку эки киши ооруканада көз жумду.   Буга чейин каза тапкандар 137, жараат алгандар 182 экени кабарланган.   22-мартта Москванын чет жакасындагы «Крокус Сити»… Кененирээк…