Улуу Британияда айрымдардын тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам жактырылды

Улуу Британияда 2009-жылдан кийин төрөлгөндөрдүн тамеки сатып алуусуна тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды. Демилгенин максаты — тамеки чегүүдөн көз карандысыз муунду тарбиялоо.

 

Бийлик 2027-жылга чейин тамеки буюмдарын сатып алуу үчүн курактык чектөө киргизүүнү каалайт. Үч жылдан кийин 2009-жылы жана андан кийин төрөлгөндөр эч качан дүкөндөн тамеки сатып ала алышпай калат.

 

Тыюу 18 жашка чыккандарга таасирин тийгизбейт. Азырынча тамеки тартууга такыр тыюу салуу боюнча план жок.

 

Британ өкмөтү жаңы чаралар миңдеген адамдардын өмүрүн сактап, өлкөдө эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатат деп эсептейт.