Таиландда коронавируска каршы эмдөө үчүн жарандарга уй жана акчалай сыйлык берүү убадаланды

Таиландда коронавируска каршы эмдөө үчүн жарандарга уй жана акчалай сыйлык берүү убадаланды. Маалыматка ылайык, Чиангмай провинциясынын бийлиги эмделген бардык адамдарды акчалай сыйлыгы бар лотереяга катышууга чакырат.

 

Сыйлыктын баасы 318, 160 жана 78 доллар.

 

Ошондой эле алар жума сайын эмдөөдөн өткөн бир айылдашын тандап алып, ага 321 доллар турган уй беришет. Андан тышкары эмдөө сертификатын көрсөткөндөн кийин жергиликтүү дүкөндөрдө жана ресторандарда 10 пайыз арзандатуу болот.