Бишкек мэриясы бир нече билим берүү мекемелеринде калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт. Алсак, №75 бала бакчада сырткы жасалга жаңыланып, суу өткөрүү түтүктөрү оңдолот.
Ал эми №6 мектеп-гимназиясында акты залы жана фойе калыбына келтирилет. Андан тышкары, №28 орто билим берүү мекемесинде жылуулук системасын оңдоо пландалууда. Бул максаттарга каражат шаар бюджетинен алынат.