Тайванда аралга эс алууга келген туристтерге акча төлөнөт

Тайванда аралга эс алууга келген туристтерге акча төлөнөт. Муну менен өлкө бийлиги коронавирус пандемиясынан кийин басаңдап калган туризмди өнүктүрүү ниетинде.

 

Чет элдик саякатчылар болжол менен 164 доллардан алышат. Каражат туристтик картага которулат, аны жергиликтүү мейманкана, кафе жана башка жайларда колдонсо болот.

 

Тактап айтканда, акча кайра эле туристтик тармакта калышы керек.