Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү 7,5% жогорулады

Кыргызстанда сасык тумоо көрсөткүчү соңку аптада ага чейинки аптага салыштырганда 7,5% жогорулады. Бул тууралуу 6-мартта “Азаттыкка” Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти.

 

Мекеменин маалыматына караганда, 27-февралдан 6-мартка чейинки аралыкта сасык тумоо менен 5955 бейтап катталды. Бул ар бир 100 миң адамдын 85и ооруп, доктурга кайрылган дегенди түшүндүрөт.

 

Департамент бала бакчалар жана башка билим берүү мекемелери боюнча мониторинг жүрүп турарын, азыркы тапта бардык мекемелер кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

 

Ал эми COVID-19 менен соңку бир аптада 35 бейтап катталды, алардын 14ү ооруканага жаткырылды.

Күз-кыш убагындагы соңку сасык тумоо эпидемиясынын эң оор мезгили декабрдын ортосуна туш келген. Ага чейин ооругандар аптасына 9 миңдин тегерегинде болуп жатса, 16-декабрга карата бир күндүк көрсөткүч 9 миңден ашкан.