Кумтөрдүн ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча үч кылмыш иши козголду.
Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилген.
Буга чейин Кумтөрдө каржылык мыйзам бузуулар аныкталган.
Атап айтканда, күйүүчү-майлоочу май, азык-түлүк, тетиктер базар баасынан жогору баада сатылып алынганы белгилүү болгон.
Буга байланыштуу ишкананы жетектеп келген Теңиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов кызматтан алынган.