Троллейбус айдоочуларына коргонуу каражаттары берилди

Бишкек троллейбус башкармалыгы күтүлбөгөн жагдайларда троллейбустун жүргүнчүлөрүнө жардам берүү үчүн коргоочу каражаттарды жаңылады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

 

Ишкананын даярдоо жана камсыздоо бөлүмү тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн 200гө жакын өрт өчүргүч, 240 даана диэлектрик кол кап жана 150 даана автоаптечкалар сатылып алынган.

 

Диэлектрик мээлейлер — троллейбустун айдоочуларын электр тогунун уруусунан коргогон, электр өткөрүмдүүлүгү төмөн полимерлерден жасалган жеке коргонуу каражаттары. Диэлектрик кол каптарды колдонуу кырсыктан жана жумушчулардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калат.

Ошондой эле ар бир троллейбуста аптечка болушу керек — ансыз жолго чыга албайсың. Биринчи жардам аптечкасы кырсык болгон учурда гана эмес, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн жолдо бара жатканда ден-соолугу начарлап калган убакытта абалын жеңилдеткенге керектелет.

Анткени, троллейбустар өзгөчө өрт коркунучу бар объектилерге кирет. Ошол себептүү троллейбуста өрт өчүргүчтөрдүн болушу милдеттүү болуп саналат. Троллейбустар үчүн өрт өчүргүчтөр тиешелүү талаптарга жана эрежелерге ылайык келиши керек. Бул нормалардын бардыгы жүргүнчүлөрдү жана транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелеринде жазылган.

 

Күтүлбөгөн кырдаалдарда транспорт каражатынын айдоочуларынын жана жүргүнчүлөрүнүн өмүрү жана ден соолугу коомдук транспортто өрт өчүргүчтөрдүн болушунан көз каранды.