Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда иштеп баштайт

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы мал базар ушул жекшемби, 7-июнда иштеп баштайт. Райондун акими Нурбек Сатаров белгилегендей, базарга соода кылганы ошол аймактын жашоочулары гана кире алат.

 

Райондогу карантин дагы эле күчүндө. Андыктан, базардын кире беришине посттор орнотулат. Ага киргендер медициналык беткапчан болушу керек.