Бишкектин Ак-Босого конушунда жол чийиндер жаңыртылды

Биринчи май районунун «Ак-Босого» конушунда профессор Зима жана Архитектура көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол белгилери жакшыртылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

 

Ага ылайык, иш борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиевдин көчмө жыйынынын жыйынтыгында аткарылды.

Жол коопсуздугу үчүн эми кесилиштеги негизги жол Профессор Зима көчөсү болот.

 

Белгилей кетсек, аталган жол тилкеси калктуу конуштагы коомдук транспорттун негизги жолу болуп саналат.