Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыкты

БШКнын мурунку төрагасы Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотуна байланышканыбызда билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн Биринчи Май райондук соту Туйгунаалы Абдраимовду үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

 

«Ал тергөө органдары менен кызматташтык жөнүндө келишим түзгөн» дешти соттун маалымат кызматынан.

 

Буга чейин Туйгунаалы Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталып, кармалган. Биринчи Май райондук сотунун чечими менен ал 30-июнга чейин СИЗО-1де камакта калтырылган.