Жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында жарандардын массалык түрдө каттоого туруусу дагы эле байкалууда

Жергиликтүү кеңешке шайлоо алдында жарандардын массалык түрдө каттоого туруусу дагы эле байкалууда. Генералдык прокуратуранын маалыматына ылайык, Ошто Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү ээсинин уруксааты жок эле, анын үйүнө жарандарды каттап койгон.

 

Алсак, бир турак-жайга 900дөн ашык адам катталган. Ээси болсо, андан кабары жок. Ал эми Караколдо окуу жайдын корпусунда 100 адам жашайт деп жазылып калган. Бул фактылар боюнча териштирүү жүрүүдө.