Бишкектин Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда

Бишкекте Шүкүров көчөсүндө тосмолор бузулууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, инспекция Шүкүров көчөсүндө муниципалдык аймакка кирип кеткен тосмолорду күч менен бошотууга киришти.

 

«Буга чейин шаардыктарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин 13 жеңил курулушту ээлери өз ыктыяры менен алышкан. Бирок шаардыктардын баары эле муниципалитеттин эскертүүлөрүнө баш ийишкен жок. Мындай тосмолор инспекция тарабынан толугу менен демонтаждалат, муниципалитет тарабынан 2 тосмо жана 1 темир тосмо алынды. Учурда жолду реконструкциялоо иштери башталды», — деп жазылат маалыматта.

 

Ошондой эле инспекция тарабынан беш күндүн ичинде муниципалдык жер тилкелерин өз ыктыяры менен бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген. Жалпысынан 71 үйдүн тосмолору реконструкцияланууга тийиш экени айтылат.