Тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралууда

Жогорку Кеңештин жыйынында тышкы иштер министри кызмат ордуна Жээнбек Кулубаевди дайындоо сунушу каралууда.

Буга чейин Жогорку Кеңештин профилдик комитети Кулубаевдин талапкерлигин жактырган.

 

Жээнбек Кулубаев буга чейин тышкы саясий ведомство жаатында 30 жылдан бери эмгектенип келет. Ал президенттин тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.