Бишкекте жана Чүй облусунда алдыңкы бир саатта катуу шамал болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет. Синоптиктердин маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.
Жарандарга жеңил конструкциялардын алдынан өтпөй, унааларды бактардын алдына токтотпоо сунушталат.